Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 30-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Социалдык фонддун  жетекчиси Президентке үстүбүздөгү жыдын 1-октябрынан тартып пландаштырылган пенсияны жогорулатууга карата фонддун даярдыгы тууралуу маалымат берди.  Индексациядан кийин  пенсиянын  орточо көлөмү  11% көбөйүп, 4554 сомду түзүп калат. Башкача айтканда 579 миң пенсионердин  пенсиясы жогорулайт.

Карылар күнү белгиленээр алдында Мамлекет башчысы ардагерлерди татыктуу деңгээлде пенсия менен камсыз кылуу жана жакшы көңүл буруп, пенсияны кечиктирбей берүү маселесине өзгөчө маани берүү керек экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө эмгектенип жүргөндө Социалдык фондго өзүнүн мүчөлүк акысын  үзбөй, так төлөп жүргөн  Кыргызстандын жарандарына карата азыркы пенсия системасын реформалоодо  калыс жана туура мамиле жасалууга тийиш  экендиги  дагы каралды.

Келечекте  төлөнгөн  пенсиялар  өлкөнүн жаранынын пенсия системасына төлөгөн мүчөлүк акысына жана эмгек стажына түздөн түз пропорционалдуу болууга тийиш экендиги белгиленди.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишмердиги жана анын бюджетинин аткарылышы боюнча маселелер дагы талкууланды.

2013-жыл 30-сентябрь