Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Карылардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

Ардактуу ардагерлер!

Сиздердин кылган мээнетиңер, жаратман эмгегиңер, басып өткөн жолуңар ар бирибиздин жүрөгүбүздө терең ыраазычылык жаратат.

Ата Мекендик согушта Сиздердин каармандыгыңар менен жеңишке ээ болдук. Андан соң ондогон жылдар бою талыкпай эмгектенип, маңдай териңер менен элибиздин жашоосун оңоп, республикабызды бутка тургуздуңар.

Сиздердин тагдыр – жаратмандыктын үлгүсү. Кыргызстандын шаарларын жана айылдарын, заводдорун жана ГЭСтерин, жолдорун жана мектептерин курдуңар. Жер иштетип, элге токчулукту камсыз кылдыңар. Келечекке кеңири жол ачтыңар. Азыркы учурда биз сыймыктанган эл байлыгы сиздердин колуңуздар менен куралган.

Сиздер көз карандысыз, эгемендүү өлкөдө жашоого, элибиз өз келечегинин ээси болууга шарт түздүңөр.

Сиздердин алдыңарда биз карыздарбыз. Муну унутууга эч кимибиздин укугубуз жок. Мамлекет дагы муну эстен чыгарбашы керек. Өкмөт карыларыбызга колдон келген жардамын көрсөтүүгө, колдоого алууга милдеттүү.

Ардактуу ардагерлерибиз, баардыгыңыздарга ден соолук, бакубат турмуш  каалайм. Кайратыңардан тайбай, бактылуу өмүр сүргүлө! Ар күнү жакшылыкка, камкордукка  бөлөнүп, сыймыгыбыз болуп жүрө бергиле!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                     Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 1-октябрь