Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 1-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди КЭРдин түзүлгөн күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Улуу Урматтуу,

Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди жана дос кытай элин Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 64 жылдыгы менен куттуктайм.

Ушул жылдары Кытай Эл Республикасы дүйнөлүк саясатта өзгөчө орун ээлеп, тынчтыкты сүйгөн жана гүлдөгөн мамлекетти курууда көп кырдуу жана жаратман жолду басып  өттү.

Кыргыз Республикасынын менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелери орнотулган  Сиздин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарыңызды өзгөчө канааттануу сезими менен эстейм.

Кыргыз Республикасы мындан ары да биздин мамлекеттерибиздин элдеринин жыргалчылыгы  үчүн жакшы коңшулаштыкты, достукту жана өз ара  пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө бардык күч-аракетин жумшайт.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бакубаттык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми дос кытай элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                          Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 1-октябрь