Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча кеңештин отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2013-жылдын 1-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин сот системасын реформалоонун өзгөчө маанисин белгилеп, жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишеними көпчүлүк учурда сот корпусунун жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө көз каранды экендигин белгиледи. “Жарандардын ишенимине ээ болгон күчтүү, көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү сот бутагы болмоюнча күчтүү мамлекет кура албайбыз. Биз сот системасын реалдуу реформалоонун жолдорун иштеп чыгышыбыз керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Кеңештин айрым мүчөлөрү Кыргызстандын судьяларынын ишмердүүлүгүн регламенттеген мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган демилгелер менен чыгышты.

Атап айтсак, Кеңештин мүчөлөрү болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары судьяларды сынак аркылуу тандап алууну жакшыртууга багытталган өздөрүнүн мыйзам долбоорлорун  сунушташты.

Аталган документтердеги белгилүү бир айырмачылыктардан улам, Кеңештин мүчөлөрү мыйзам долбоорлорунун демилгечилерине консенсус таап, Кеңештин кароосуна мыйзам долбоорлорунун макулдашылган варианттарын алып чыгуу кеңешин беришти.

Жыйында ошондой эле судьялардын кесиптик милдетин  аткаруу, мыйзамдарды жана Судьянын намысынын кодексин так аткаруу боюнча судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында эксперттик иш тобунун сунуштары талкууланды.

Демилгечилердин ою боюнча жогорудагы  максаттарга судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун институционалдык жана жол-жобо  механизмдерин жакшыртуу жолу менен жетсе болот. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешине караштуу жарандык коомдун өкүлдөрү  катышкан тартип комиссиясын түзүү жолу менен  жетсе болот.

Андан сырткары, өлкөнүн аскердик сотторун жоюу боюнча демилгелерди камтыган ойлор дагы айтылды.

Тактап айтсак, мамлекет башчысы сот реформасынын алкагында аскердик сотторду жоюу сунушу азырынча эрте экендигин белгиледи.

Кеңештин мүчөлөрү сунушталган документтердин долбоорлору боюнча өз сунуштарын жана пикирлерин айтып, аларды Кеңештин жакынкы жыйында талкуулоону чечишти.

Маалымдама: Соттук реформа боюнча кеңеш өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин соттордун, укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин уюштурууну жана анын тартибин, судьялардын статусун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу боюнча макулдашылган иштерин камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

2013-жыл 1-октябрь