Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЭВФ миссиясынын башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 2-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүнүн акыркы тенденциялары жана экономикалык перспективалары талкууланды.

Кристиан Беддис Президент Алмазбек Атамбаевди өлкөдөгү экономикалык жагдайды дурус катары баалаган Эл аралык валюта фондунун миссиясынын иштеринин жыйынтыктары тууралу маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, ЭВФтин эксперттери Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын кыскартуу, инфляциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча ишти, ошондой эле экономиканын ар кандай тармактарында өсүү темптерин кабылына келтирүү боюнча активдүү процессти жакшы деп баалашты.    

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын бул финансылык институт менен кызматташтыгынын маанисин  баса белгиледи. 

Жолугушууда ошондой эле Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзе катышты.

2013-жыл 2-октябрь