Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык Президентин жана Федералдык канцлерин Германиянын биримдик күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаукту жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелди Германиянын биримдик күнү менен куттуктады.

“Өнүгүүнүн татаал тарыхый жолун басып өтүп, Германия бүгүнкү күндө дүйнөнүн жогору өнүккөн өлкөлөрүнүн бири болуп саналат”, - деп белгилейт өз куттуктоосунда Президент.

Өзүнүн куттуктоосунда Мамлекет башчысы 2012-жылдын декабрында Берлинде болуп өткөн сүйлөшүүлөр эки тараптуу мамилелерди өнөктөштүктүн жана достук, өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин тереңдетүүнүн жаңы этабына алып чыккандыгын белгиледи.

 

2013-жыл 3-октябрь