Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен областына жана Ош областынын Ноокат районуна иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 4- жана 5-октябрында Баткен облусуна, 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районуна иш сапары менен барат.

Иш сапарынын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев аймактын социалдык-маданий объекттери, ирригациялык системалардын курулушу менен таанышып, билим берүүчү мекемелердин ачылышына катышат.

Ошондой эле Президенттин белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер Абсамат Масалиев жана Насирдин Исановдун эстеликтеринин ачылышына катышуусу күтүлүүдө.

 

2013-жыл 4-октябрь