Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Билим берүү кызматкеринин күнү менен куттуктоосу

Бүгүн, 2013-жылдын 4-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты жана Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан өлкөнүн мугалимдерин куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Кымбаттуу мугалимдер!

Сиздерди кесиптик майрамыңар – Мугалимдер күнү менен куттуктайм! Бул майрамды жылуу сезим жана ыраазычылык менен белгилейбиз. Мектептеги алгачкы күнүбүз, биринчи мугалимибиз ар бирибиздин эсибизде.

Мугалимдик кесипти тандап, тагдырын бул ишке арнаган адамдарга карата жүрөктө ыраазычылык жана сый-урмат сезими өмүр бою сакталат. Эң татаал мезгилде Сиздер өз кесибиңерди таштабай, балдарды окутуп тарбиялоого убактыңарды аябай, эмгектенип келесиздер. Өлкөнүн келечеги үчүн иштеп келе жатасыздар.

Жаштарды окутуп гана эмес, өзүңөр да окуп, мезгилдин талабына жараша билимиңерди өркүндөтүү аракетиңер үчүн ыраазычылык билдиребиз. Татыктуу эмгегиңер, акылмандык жана сабырдуулугуңар, балдарга чын ниет мамилеңер, өлкөбүздүн келечегине болгон ишеничиңер үчүн терең таазим этебиз. 

Кымбаттуу мугалимдер!

Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана узак өмүр каалайм. Өлкөбүздө тынчтык жана бейпилдик болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 4-октябрь