Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган эстелигинин ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 4-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Баткен обласунун Кадамжай районундагы А. Масалиев атындагы  айылдык өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылында болуп өткөн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесине карата эстелигинин ачылышына арналган салтанаттуу аземге катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бул жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси кеңири белгиленип жатканын жана бул датага карата белгилүү мамлекеттик ишмердин айылында анын эстелигинин ачылышы негизги иш-чаралардын бири болуп калганын белгиледи.

“Абсамат Масалиев тоо булагындай таза, акыйкаттыгы, кылган ак кызматы менен элдин эсинде кала берет”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Абсамат Масалиев менен Жогорку Кеңеште бирге иштеген жылдарды эскерип, анын чыныгы атуулдугу, Мекенине, элине чын дилинен кызмат кылууга умтулгандыгы менен айырмалангандыгы жөнүндө айтып берди.

“Кыргызстан бүгүнкү күндө Абсамат Масалиевдей жаратман инсандарга муктаж. Ал Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн өмүрүн арнап, эч качан элди бөлбөстөн, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын элинин биримдиги жана ынтымагы эң зарыл болуп турат.

“Сиздер баткендиктердин турмушу жакшы жагына өзгөрүп, баратканына өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар. Учурда облустун унаа жолдорунда ири курулуш иштери жүрүүдө, ирригациялык системалар курулуп, электр зымдары тартылып, жаңы сугат жерлер ишке киргизилүүдө. Бул биздин облустун жана жалпы мамлекеттин келечегине болгон ишенимибизди бекемдейт. Жараткан Кудай биздин өлкөгө ысымы Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган Абсамат Масалиевдей уулдарды көбүрөөк берсин. Биз мындай адамдардан үлгү алышыбыз керек”, - деди Президент.

Эстеликтин ачылышынын салтанаттуу аземинен кийин Президент Алмазбек Атамбаев Абсамат Масалиевдин туулган жери - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш айылына барып, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерди эскерди.

2013-жыл 4-октябрь