Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен шаарындагы Жаштар үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 4-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Баткен шаарындагы Жаштар үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бул иш-чара өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга даяр жаштардын жогору активдүүлүгүнүн көрсөткүчү экенин белгиледи. “Жаштар менен жолугушуу учурунда менде Кыргызстандын келечегине болгон бекем ишеним пайда болот”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент жаштардын билим алуусуна өзгөчө басым жасап, билимдүү жаштар – мамлекеттин келечеги экенин белгиледи. “Адилеттүү мамлекеттин түптөлүшү билимдүү коомдо гана мүмкүн. Кыргызстандын келечеги кең деп эсептейм, анткени бизде жаратмандыкка, күчтүү өнүккөн өлкө курууга жөндөмдүү, жогорку билимдүү жаштар көп”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы акыркы убакта Баткен облусунда актуалдуу болгон бир катар маселелер чечилгенин айтты. Президент областтын унаа жолдорундагы оңдоо иштерин, Айгүлташ-Самат жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушун, ошондой эле ирригациялык системаларды куруу долбоорлорун белгиледи. “Жакынкы келечекте жаштар өлкөнүн башка аймактарынан өз жолун издебестен, туулган айыл, шаарларында калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деген үмүттөмүн. Мен облусттун келечегине ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Баткен тургундарын Жаштар үйүнүн ачылышы менен куттуктап, биримдик жана ынтымакка чакыра кетти.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев Жаштар үйүнө үн күчөтүүчү жабдыктарды тартуулады.

 

2013-жыл 4-октябрь