Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Абдибешер» каналынын ишке киришүү аземине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 5-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Лейлек районундагы «Абдибешер» каналын ишке киргизүү аземине катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы белгилегендей, көптөгөн жылдар бою ирригация жана мелиорация маселелерине жетиштүү көңүл бурулган эмес. “Суу каналдары адамдын кан тамыры сыяктуу. Суу менен бирге Лейлектин кең талааларына жан кирип, миңдеген гектар жерлер өздөштүрүлөт, элдин турмушу жеңилдейт”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында мелиорация тармагына өзгөчө орун берилгенин белгиледи. “Биз жакынкы беш жыл аралыгында ишке ашырыла турган ирригациялык системаларды өнүктүрүүнүн атайын программасын иштеп чыктык. Ага ылайык, өлкөдө жыл сайын жаңы жерлердин миңдеген гектарлары ишке киргизилет. Эгерде каналдар курулуп, талааларга суу кете баштаса, айыл чарбасы өнүгө баштайт, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун абалы жакшырат жана миграцияны кыскарта турган миңдеген жумуш орундары түзүлөт”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, акыркы убакта Баткен облусунда бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатат.  2015-жылы ишке кире турган Ош-Баткен-Исфана жолун реконструкциялоо боюнча чоң жумуш аткарылып атканы, Айгүлташ-Самат электр линиясы курулуп бүтүп, Лейлек району электр менен үзгүлтүксүз камсыздала турганы белгиленди.

«Биз калкты суу жана электр энергиясы менен камсыздап, жумушчу орундарды түзүшүбүз керек. Каражаттарды келечектүү иштерге жана өлкөнүн өнүгүшүнө багыттап, жолдорду, көпүрө жана каналдарды куруу зарыл”, - деди Алмазбек Атамбаев. 

Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөдө ири улуттук долбоорлор ишке кирип атканын белгиледи. “Кыргызстаныбыз ири курулуштарды баштап, өнүгүү жолуна түшүп жаткан учуру. Жерибизде тынчтык, мамлекетибизде туруктуулук болсо, элибиздин турмушу да кыйла оңолот. Биз өнүккөн мамлекет курабыз. Кудай буюрса, жакынкы жылдары эле жакшы жыйынтыктар болуп баштайт деп ишенем”, - деп сөзүн жыйынтыктап жатып Президент белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев «Абдибешер» каналын курган жумушчуларга ыраазычылык билдирди. “Майрамыңар менен куттуктап кетким келет, анткени бул иш-чара Лейлек районунун тургундары жана бүт Баткен облусу үчүн чоң майрам. Канал элге кызмат кылсын, мамлекетибизде тынчтык жана туруктуулук болсун”, - деди Президент.

2013-жыл 5-октябрь