Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Ош шаарынын күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ордолуу Ош шаарынын күнү менен куттуктайм. Ош шаарыбыз -  кереметтүү жер, ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурасыбыз. Ош аркылуу Батыш менен Чыгышты бириктирген Улуу Жибек Жолунун бир бутагы өтүп, байыртан Ош шаарын – сооданын борборуна, берекенин, молчулуктун жергесине айландырган.

Эзелтен Ошто көп улуттун өкүлдөрү байырлап, бирге эмгектенип,  ынтымакта жашап келген. Бирок, тилекке каршы, акыркы 50 жылдын ичинде: 1960-жылдары, 1990-жылы, 2010-жылы - үч ирет Ош жергебизде улут аралык жаңжал чыгып, каргашалуу окуялар орун алды. Ынтымактын, биримдиктин жоктугунан тышкы күчтөр, сепаратисттер - Кыргызстандын душмандары баш көтөрүштү. Кыргызстанды бөлүп жаруу аракеттерин жасашты.

Урматтуу мекендештер!

2010 – жылы кайгыга бөлөнгөн учурда Ош шаарына бүт өлкө жардамга келди. Олуттуу чаралар көрүлдү. Ош шаарын калыбына келтирүүгө Кыргызстандын башка шаарларынын, облустарынын эсебинен миллиарддаган каражаттар бөлүндү. Колдон келген жардамын берип жатып, жалпы Кыргызстан эли Ош жергесиндеги тынчтыкты, биримдикти, ынтымакты тилеп турду. Мындай жардам Ош шаарына Советтер Союзунун учурунда да көрсөтүлгөн эмес. Бардыгыбыз күбө - бүгүнкү күндө Ош өзгөрүп, жаркырап калды.

Июнь окуясы көп нерсеге көзүбүздү ачып кетти. Кыргыздар көп улуттуу элибиздин бириктирүүчү өзөгү болууга милдеттүү. Биз ар бир жаран улутуна, динине, төрөлгөн жерине  карабастан тең укуктуу болуусуна, кыргызстандыкмын деп сыймыктанышына жооптуубуз. Эң оболу балдарыбыздын келечеги, күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруу үчүн элибиздин биримдигин жана ынтымагын сактап калууга милдеттүүбүз!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Дагы бир ирет Ош шаарынын күнү менен куттуктайм. Кудай  элибизди, жерибизди колдосун! Жолубузду ачып, ынтымак, берекет берсин!  Бардыгыңыздарга чын ден-соолук, бак-таалай, ийгилик каалайм! Бар болуңуздар!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                             Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 5-октябрь