Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Ноокат районундагы жаңы мектептердин ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 6-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Ноокат районундагы Нарай айылындагы мектептин жана Каныбек Асранов атындагы мектептин ачылыш аземине катышты.

Сөз сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. “Сиздердин кесип сый-урматка татыктуу, ал эми «мугалим» деген сөздү адамдар ыраазычылык жана урмат менен кабыл алышат. Эң катаал мезгилдерде да сиздер өз кесибиңерди таштабай эмгектендиңер. Сиздер бүт убактыңарды биздин балдарды окутуп, тарбиялоого коротосуздар, өз өмүрүңөрдү мамлекеттин келечегине арнадыңар”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, көптөгөн жылдар бою Кыргызстанда мугалимдерге жетиштүү көңүл бурулган эмес. “Бирок акыркы жылдарда эле билим берүү тармагынын бюджети үч эсе жогорулап, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин 20% камтыйт. Билим берүүгө багытталган каражаттын көлөмү азайбайт, биз балдарыбыздан эч нерсе аябашыбыз керек, анткени алар биздин келечегибиз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан чоң өзгөрүүлөрдүн жана жаңылануунун алдында турат, жакын арада республикага ири инвестициялар тартылат, эл аралык долбоорлор ишке ашууда. Ошондуктан, Алмазбек Атамбаев белгилегендей, мамлекет Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошо турган билимдүү жаштар, мыкты адистерге муктаж.

Президент белгилегендей, мектеп балдарга билим гана эмес, нравалык тарбия да бериши керек. “Силер жакшы окушуңар керек, анткени өлкөнүн келечеги сиздердин колуңарда. Ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан Уркуя Салиева, Төрөбай Кулатов жана Насирдин Исановго окшогон жердештериңер сыяктуу көрүнүктүү адамдар чыксын”, - деп айтты сөзүн жыйынтыктап Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы мектептерге окуу китептерин жана компьютердик техникасын тартуулады.

 

2013-жыл 6-октябрь