Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесине карата эстелигинин ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 6-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесине карата эстелигинин ачылыш аземине катышты. Эстелик Ош облусунун Ноокат шаарындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багында орнотулган.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы белгилегендей, Насирдин Исанов Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

“Кайсы жерде иштебесин, кандай кызматты ээлебесин кичи пейилдиги, тазалыгы, калыстыгы менен калктын кадырына арзыган. Ак ниет адам катары элдин эсинде калган. Насирдин Исановдун өмүр жолу ар бирибизди мекенчилдикке, жаратмандыкка, тазалыкка үндөп турат. Кыргыз эли Насирдиндей уулдарын эч качан унутпайт. Учурда Кыргызстан ушундай адамдарга – Мекен үчүн иштеген, таза, чынчыл, ак ниет жетекчилерге муктаж”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле тарых музейиндеги Насирдин Исановго арналган жаңы залдын ачылышына катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, жана ошондой эле парламенттин бир катар депутаттары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондун ардагерлери, Насирдин Исановдун жакындары жана туугандары катышты.

Ушуну менен Президент Алмазбек Атамбаевдин Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары аяктады.

 

2013-жыл 6-октябрь