Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу жарандык авиациянын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар, Жарандык авиациянын күнү менен куттуктайм!

80 жылдык бай тарыхында биздин жарандык авиациянын башынан көп нерсе өттү. Советтик доорунда гүлдөп-өнүккөн жарандык авиация эгемендик жылдары биртоп кыйынчылыктарга жана жоготууларга дуушар болду. Бирок Сиздердин аракетиңер, кесипке болгон умтулууңардан улам келечек үчүн бул тармакты сактап калууга мүмкүн болду.

Биздин бүгүнкү жарандык авиация мамлекеттин өнүгүүсүнө иштеши керек. Сиздердин милдетиңер – аба жолдорунун дүйнөлүк системасында татыктуу орунга ээ болуу. Кыргызстандын ыңгайлуу географиялык жайгашуусун  өлкөдө ири транспорттук-логистикалык борборлорун түзүү үчүн пайдалануу. Ал үчүн сиздердин бардык күч-аракетиңер, бай тажрыйбаңар, билимиңер талап кылынат. Бул максатты сөзсүз ишке ашыруубуз абзел. Асманыбызды тынчтык, бейпилдик үчүн колдонууга тийишпиз.  

Кымбаттуу жарандык авиациянын кызматкерлери!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана узун өмүр каалайм! Өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                       Алмазбек  Атамбаев”

 

2013-жыл 7-октябрь