Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 7-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Владимир Владимирович!

Сиздин туулган күнүңүзгө карата чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Дүйнөлүк саясаттын борборунун бири катары бекем позицияны ээлеген Россия Федерациясынын акыркы он жылдагы көрүнүктүү жетишкендиктери Сиздин ысымыңызга байланыштуу. Сиз коомдук-саясый өзгөрүүлөрдүн татаал мезгилинде Россиянын тагдыры жана эли үчүн жоопкерчиликти моюнга  алып, өлкөнүн улуттук сыймыгын бийик көтөрдүңүз.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты  бекемдөөдө Сиздин салымыңыз зор.

Калыптанып  калган биздин  ортобуздагы жекече достук жана ишенимдүү мамилелерди жогору баалайм. Биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин  жыргалчылыгына багытталган биргелешкен ишти активдүү улантууга жана евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө чечкиндүү турам.

Урматтуу Владимир Владимирович, Сизге чың ден соолук, Россия Федерациясынын жетекчилигинде кемибес күч-кубат жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Россия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү чын дилимден каалайм!

Эң жакшы каалоолор менен,

Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 7-октябрь