Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

 

Бүгүн, 2013-жылдын 8-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы кырдаал боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы Каракол шаарындагы кырдаал турукташып калганы тууралуу күч структуралардын маалыматын укту.

Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарына мыйзамдын чегинде иштеп, объективдүү тергөөнү камсыз кылып, мыйзамсыз аракеттерге күнөөлүү уюштуруучуларды жана катышуучуларды жоопко тартууну тапшырды.  

Президент  мамлекет жалпы Кыргызстан элинин кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү экендигин, айрым  саясый күчтөргө элдин башын айлантып, мыйзамсыз аракеттерди жасоого түртүүгө жол бербеш керектигин белгиледи.

“Айрым бир адамдар жана анын артында турган саясатчылар бүт өлкөгө жеке кызыкчылыктарын көздөгөн талаптарын коюушуна жол берүүгө болбойт. Кыргызстанда туруктуулукту жана тартипти сакташ керек”, - деп баса белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

 

2013-жыл 8-октябрь