Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкинди кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 8-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкинди кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиядан келген мартабалуу парламенттик делегацияны жылуу кабыл алды. “Стратегиялык союздаштар сыяктуу, биздин өлөлөрүбүздүн мамилелери чындыгында эле жакшы болгонуна кубанычтамын”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Өз кезегинде, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкин кийинки учурда эки өлкөнүн мамилелеринде чоң кадам жасалганын белгиледи. “Биз Кыргызстан менен мамилелерди абдан баалайбыз жана анын өнүгүүсүнө парламент тарабынан өз салымыбызды кошобуз. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда чыныгы кыргыз-россиялык өнөктөштүктүн динамикасын жана деңгээлин аныктаган бир катар стратегиялык документтерге кол коюлду”, - деп белгиледи Сергей Нарышкин.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттер жана парламенттер аралык деңгээлдеги кыргыз-россиялык мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

2013-жыл 8-октябрь