Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйынын күн тартибине  2014-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук программа тууралуу маселени  кошуу талкууланды.

Мамлекет башчысы Эгемберди Эрматовго тез арада документти коомдук талкууга алып чыгып, Улуттук кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү экендигин баса белгиледи.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева дагы катышты.

 

2013-жыл 10-октябрь