Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ильхам Алиевди Азербайжандын Президентин шайлоолордо жеңиши менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ильхам Алиевди Азербайжан Республикасындагы президенттик шайлоолордо жеңиши менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Ильхам Гейдарович,

Азербайжан Республикасындагы президенттик шайлоолордо ишенимдүү жеңишиңиз менен Сизди чын жүрөктөн куттуктайм.

Шайлоодо алган колдооңуз азербайжан эли тарабынан Сизге көрсөткөн зор ишенимди билдирет жана өлкө алдындагы Сиздин эмгегиңизге берилген жогорку баа болуп саналат.

Сиздин Азербайжандын Президенти кызматына кайрадан шайланышыңыз менен мамлекеттерибиздин ортосундагы достук мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары бекемделе берет деп терең ишенем.

Сизге чың ден соолук, достук азербайжан элинин жыргалчылыгына жана гүлдөп өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм.

         Урматтоо менен,

         Алмазбек Атамбаев

2013-жыл 10-октябрь