Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 11-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Президентке билим берүү сапатын арттыруу максатында жүргүзүлүп жаткан жогорку кесиптик билим берүү системасынын реформасы тууралуу маалымат берди.

Жогорку билим берүүнүн жаңы түзүмүнө өтүү окуу жайларды оптимизациялоону баштоого мүмкүнчүлүк бергени баса белгиленди.

Жолугушууда ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чаралар 2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылып жатканы белгиленди. Анда билим берүү системасынын максаты «атаандашууга жөндөмдүүлүктү жана өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылууга, ошондой эле адам капиталынын наркын жана сапатын жогорулатууга көмөктөшүү» деп аныкталган.

Андан сырткары жолугушууда жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) байланыштуу маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев сапатын жогорулатууга багытталган билим берүү секторун реформалоону улантуунун маанисин баса  белгиледи. 

Мамлекет башчысы экономиканы квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу – өлкөнү туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн зарыл шарты экендигин баса белгиледи.

Президент ошондой эле өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин жана билим берүү уюмдарынын деңгээлинде жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу коомчулукка кеңири маалымат бериш керек экендиги тууралуу оюн билдирди.

 

2013-жыл 11-октябрь