Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 14-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мекендештерибизди Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!

Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күндү кыргызстандыктар дасторкон жайып, ак тилек,  ачык маанай менен тосуп алышат. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйык майрам келечекке зор үмүт жаратат.

Курман айт күнү бардык тилектериңерди  Жаратканыбыз кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттарыңар ишке ашсын. Ыйык Мекке шаарында мусулмандык парзын аткарып жүргөн кыргызстандыктардын ажылыктары кабыл болуп, мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин. 

Жараткан Кыргызстаныбызды бөөдө кырсыктан сактасын. Жерибизге тынчтык жана бейпилдик, элибизге ынтымак жана биримдик берсин!

Айтыңар маарек болсун, урматтуу мекендештер! Кайрымдуулук иштериңер кабыл болсун!

Кыргыз Республикасынын                                                 

Президенти                                                                             Алмазбек  Атамбаев”

2013-жыл 14-октябрь