Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Баардык мусулмандардын Иди Курбон ыйык майрамына карата Сизге жана Кыргызстандын бардык дос элине менин куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Көп кылымдык тарыхы бар Иди Курбондун майрамдалышы мусулмандардын толеранттуулук, кайрымдуулук жана жардам берүү идеяларын камтыган ыйык туткан салттарынын бири.

Ушул жогорку идеалдарга жана жалпы адамдык баалуулуктарга таянып, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы кызматташтыкты мында аны кеңейтүүгө жана чыңдоого милдеттүүбүз.

Жараткан баарыбызга ден соолук жана бакыт-таалай, жыргалчылык, тынчтык жана туруктуулук тартуулашын тилейм.

Чын жүрөктөн,

Эмомали Рахмон”

 

2013-жыл 14-октябрь