Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,
Азербайжан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди жана өлкөңүздүн бардык мусулмандарын ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайм. Бул майрам жогорку адеп-ахлактык баалуулуктарды туюндуруп, исламда ыйык тутулат.
Бул жаркын майрамда Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгилик, ал эми бир тууган кыргыз элине ар дайым тынчтык жана жыргалчылык каалайм.
Урматтоо менен,
Ильхам Алиев”