Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Президент мырза,

Түркия элинин жана өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамына байланыштуу Сизди чын жүрөктөн куттуктайм жана учурдан пайдаланып, Сизге ден соолук жана бакыт таалай, ал эми бир тууган кыргыз элине жакшылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм.

Абдуллах Гүл

Түркиянын Президенти”

 

2013-жыл 14-октябрь