Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Курман айтка байланыштуу майрамдык айт-намазга катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 15-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде майрамдык айт-намазга катышты.

Андан кийин Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди.

2013-жыл 15-октябрь