Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Украинанын тышкы иштер министри, ЕККУнун азыркы төрагасы Леонид Кожараны кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылынын 15-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Украинанын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы Леонид Кожараны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев биринчи кезекте өлкөдө болуп жаткан терең демократиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын деңгээли акыркы кезде өскөндүгүн белгиледи. “Биз ЕККУ менен мамилелерибизди абдан баалайбыз жана Украинага Уюмда ийгиликтүү төрагалыкты каалайбыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушууда Кыргызстандагы шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев жана Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожара эки өлкөнүн саясый кызматташтыгын жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

2013-жыл 15-октябрь