Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппараты: Аскердик соттун судьясынын сот жообуна тартылгандыгы тууралуу фактынын жашырылышы түрдүү деңгээлдеги кызматкерлердин жоопкерсиздигинин жана шалаакылыгынын өзгөчө фактысы

Аскердик соттун судьясы Муратбек Асановдун сот жообуна тартылгандыгы тууралуу фактынын жашырылышы түрдүү деңгээлдеги кызматкерлердин жоопкерсиздигин жана шалаакылыгын далилдеген өзгөчө факт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  судьяларын тандоо боюнча Кеңешинин судьялык кызматка  талапкерлер берген маалыматтарды текшерүү жана кайра текшерүүнүн таасирдүү системасынын жоктугун көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты тарабынан жүргүзүлгөн материалдарды териштирүү боюнча алгачкы иштер судьялык кызматка көрсөтүлгөн талапкерди караган учурда жогоруда аталган адамдын сот жообуна тартылгандыгы тууралуу маалымат  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин  тиешелүү бөлүмчөлөрү тарабынан берилбегендигин  көрсөттү. Өткөн жумада  КР Президентинин Аппараты  мыйзамга ылайык чечим кабыл алуу үчүн бул материалдарды Судьялар Кеңешинин кароосуна жөнөткөн. Мыйзамга ылайык, сот жообуна тартылган адамдар судьялык кызматты аткарууга укугу жок.

Мамлекеттик органдардын туура эмес маалымат берген  кызмат адамдары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылууга тийиш деп эсептейбиз.

Аталган талапкер конкурстук тандоодон өтүп жатканда материалдарды изилдөө милдети тапшырылган Судьяларды тандоо боюнча кеңештин айрым мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин  Кеңеш өз отурумунда  өзү аныктоого тийиш.

 

2013-жыл 16-октябрь