Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Нарын облусуна келди

2013-жылдын 17-18-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапары менен өлкөнүн Нарын облусунда болот.

Иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Көкөмерен дарыясындагы көпүрөнүн, Ак-Талаа районундагы асфальт-бетон заводунун жана Нарын районундагы «Кажырты» магистралдык каналынын ачылыш аземдерине катышат.

Президент Алмазбек Атамбаев, ошондой эле Нарын районунда курулуп бүткөн жумушчулардын шаарчасы, жана ал жакта Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруучуларга түзүлгөн шарттар менен таанышат.

 

2013-жыл 17-октябрь