Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Нарын облусундагы Көкөмерен дарыясында көпүрөнүн ачылышы жана асфальт-бетон заводунун ишке киргизүү аземдерине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 17-октябрында, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Көкөмерен дарыясында көпүрөнүн ачылышы жана асфальт-бетон заводун ишке киргизүү аземдерине катышты

Көпүрөнүн ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы курулган объекттин өзгөчө маанисин белгиледи. “Бул көпүрө дарыянын эки жээгин гана бириктирбестен, өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын да бириктирет, анткени ал аркылуу түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолу өтөт. Жолду курууга жакында киришебиз. Бул көпүрө жана жол Кыргызстан элинин биримдигин бекемдейт”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Андан соң Мамлекет башчысы Ак-Талаа районундагы Үгүт айыл өкмөтүндөгү асфальт-бетон заводун ишке киргизүү аземине катышты.

Өз сөзүндө Президент райондун жана Нарын облусунун бардык тургундарын заводдун ишке киргизилиши менен куттуктады.

“Президенттин кызматына киришип жатып, мен унудай заводдорду өлкөнүн ар бир аймагында курууну максат кылгам. Биздин пландар иш жүзүнө аша баштады. Каналдарды жана жолдорду куруп, электр линияларын өткөрмөйүнчө мамлекет өнүкпөйт. Ошондуктан Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында бир катар инфраструктуралык долбоорлор каралган”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган жана 2017-жылы пайдаланууга берилип, 3 миң гектардан ашуун жерди суу менен камсыз кыла турган Ак-Талаа районундагы “Ак-Сай” каналынын курулуш долбоорунун маанисин белгиледи.

“Биз өлкөнү өнүгүүнүн туруктуу жолуна коюшубуз керек. Бул Нарын облусундагы Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушунан башталды. Облус аркылуу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган альтернативдүү жол да өтөт. Биз жаңы Кыргызстанды курушубуз керек. Биз үчүн тынчтык жана ынтымак, элдин биримдиги гана керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Алмазбек Атамбаев. 

Маалымат үчүн:

2012-жылы жалпы сметалык баасы 82 млн. 700 миң сомдук көпүрөнү куруу иштери башталган. Көпүрөнү куруу иштери “Ремстроймост” ЖЧК тарабынан жүргүзүлүп, республикалык бюджеттен каржыланды. Көпүрөдө ошондой эле жөө жүргөн адамдар үчүн тосмо орнотулган.

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Үгүт айыл өкмөтүндөгү асфальт-бетон заводун курууга Түрк Республикасынын насыясынын каражатынын эсебинен 24 млн. 500 000 сом сарпталган

2013-жыл 17-октябрь