Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын куруучулар шаарчасынын шарттары менен таанышты

Бүгүн, 2013-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын районундагы Орток айылдык башкаруусунун аймагында курулган Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын вахталык куруучулар шаарчасынын шарттары менен таанышты.

Мамлекет башчысы куруучулар шаарчасынын шарттарын толугу менен карап чыгып, курулуштун жүрүшүн оң жагынан баалады. Президент Алмазбек Атамбаев гидроэлектростанциялар курулуп бүткөндөн кийин шаарча облустун муктаждыктарына пайдалана тургандыгын белгиледи.

2012-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө Макулдашууга кол коюлган.

Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын бир жылдык орточо электр энергиясын иштелип чыгышы 1055, 9 млн. кВ/саат, кубаттуулугу – 237 МВт түзөт.

Учурда вахталык шаарчада 400 адам жашай турган турак-жай, эки кабаттуу административдик имарат, ашкана жана бетон заводунун курулушу аяктады. Суу чыгаруучу скважинаны казуу иштери жүрүүдө, жылуулук трассасы тартылып, көмөкчү чордон орнотулду.

Жакын арада вахталык шаарчада унаа жолдорун куруу иштери аяктайт.

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринде 200дөн ашуун адам иштейт, алардын 75%ын жергиликтүү калк түзөт.

Ушуну менен Мамлекет башчысынын Нарын облусуна болгон иш сапары аяктап, Президент Бишкекке жөнөп кетти.

 

2013-жыл 18-октябрь