Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Джуди Ченг-Хопкинс менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 24-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун тынчтыкты орнотууну колдоо боюнча офисинин башчысы Джуди Ченг-Хопкинс менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюму менен тынчтык чыңдоо жаатында мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси бүгүнкү жолугушуунун өзгөчөлүгүн белгиледи. «Дал ушу БУУнун Күнү белгиленип жаткан күнү БУУнун тынчтык орнотууну колдоо боюнча Фондунун башчысы Джуди Ченг-Хопкинс айым Кыргызстанга келип, Кыргызстанда тынчтыкты чыңдоо максатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумуш канчалык жигердүү  жүрүп жатканына күбө болууга мумкүнчүлүк түзүлдү»,- деди Данияр Нарымбаев.

Ошондой эле БУУнун системасы тынчтык орнотууну колдоо боюнча Фонддун колдоосу менен 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялардан кийин Кыргызстанга дароо  жардам берген уюмдардын эң алгачкылардан болгону белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси жолугушуунун катышуучуларына 2013-жылдын сентябрында тынчтык орнотууну колдоо боюнча БУУнун Башкармалыгы тарабынан Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнүн Приоритеттүү планы жактырылып, 15,1 млн. АКШ доллары бөлүнгөнүн эскертти.

Ошого байланыштуу Данияр Нарымбаев Фонддун жетекчилигине жана жеке Джуди Ченг-Хопкинс айымга, ошондой эле туруктуу өкүлү Александр Аванессов жетектеген  Кыргызстандагы БУУнун уюмдарынын бардык командасына ыраазычылык билдирди. “Бизде өз ара аракеттенүүнүн чоң пландары бар, алар ишке ашырылат деп ишенем”, - деп баса белгиледи.

Өз кезегинде Джуди Ченг-Хопкинс айым өлкөнүн жетекчилиги жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдап, өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө кызыктар экендигин билдирди.

БУУнун өкүлү төмөнкү багыттарды камтыган тынчтыкты чыңдоо жана конфликттен кийин кырдаалды жөнгө салуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу процессинин башталышы жөнүндө айтып берди: мыйзамдуулуктун үстөмдүгү, тил саясатын өнүктүрүү жана сот реформасын жүргүзүү, кылмыштуулукка каршы  күрөшүү жана жаштардан укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун тынчтыкты орнотууну колдоо боюнча офисинин багчысы Джуди Ченг-Хопкинс жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен брифинг өткөрүштү.

Кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Джуди Ченг-Хопкинс айым БУУнун Тынчтыкты орнотуу фонду тарабынан бөлүнгөн каражаттар Кыргызстандагы БУУнун уюмдарына өлкөдө тынчтыкты жана  жа биримдикти чыңдоого  жумшалаарын белгиледи.   

Андан сырткары, ЖМК алдында сүйлөп жатып, БУУнун өкүлү Кыргызстан бай жаратылыш ресурстары, байыркы маданияты, жогорку билим деңгээли жана  жакшы коомдун көрсөткүчү болгон күчтүү жарандык коому менен таанылгандыгын  белгилеп өттү.   

2013-жыл 24-октябрь