Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЭВФтин Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзени анын миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 25-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзени анын өлкөдөгү миссиясынын аяктагандыгына  байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Коба Гвенетадзеге жоопту кызматта жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстан менен ЭВФ ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү салымын баса  белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле ЭВФтин Туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзеге Кыргызстан үчүн оор мезгилде өлкөгө финансылык институт тарабынан көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн ЭВФ менен мындан аркы өнөктөштүктү бекемдөөсүнүн маанисин баса белгиледи.

Өз кезегинде Коба Гвенетадзе Президентке анын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен ЭВФтин ортосундагы кызматташтыктын азыркы деңгээлине канааттангандыгын  билдирди. 

Маалымат үчүн: Коба Гвенетадзе 2009-жылы ЭВФтин Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүнүн баштаган.

2013-жыл 25-октябрь