Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 25-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм!

Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан татаал жолду басып өттү. Акыркы жыйырма жылда элибиздин жашоо турмушу начарлап, Кыргызстандын экономикасы коңшулаш мамлекеттерге салыштырмалуу кыйла артта калды. Көп жылдар бою көйгөйлөрүбүз чечилбей келген. Мунун бардыгы учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кыйынчылык жаратып, сиздердин мойнуңуздарда оор жүк болуп калганын түшүнүп турам.

Бирок, кыйынчылыктарга алдырбай, өлкөбүздү жакынкы жылдары өнүгүү жолуна чыгарууга, ал үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого милдеттүүбүз. Чечкиндүү иш-аракет кылууга мезгил келди жана иштин натыйжалуулугу биринчи ирет өз алдынча башкаруу органдарынан, жергиликтүү жааматтардан көз каранды. Сиздердин тажрыйбаңар, билимиңер, адамдарга карата камкор мамилеңер талап кылынат. Элдин жалпы бийликке болгон мамилеси да сиздердин ишиңерге байланыштуу экендигин эстен чыгарбасак.

Бүгүн Кыргызстан өзгөрүүлөрдүн жана жаңылануунун босогосунда турат. Жакынкы арада Кыргызстанга ири инвестициялар тартылат. Ири долбоорлор ишке ашып, өлкөнүн экономикасы тез өнүгө баштайт. Жергиликтүү бюджеттердин кирешеси өсүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык маселелерди чечүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Бирок эң башкысы – өлкөдө тынчтык жана туруктуулукту сактап калуу. Кыргыз эли өз тарыхында бирдиктүү болгондо гана бардык кыйынчылыктарды жеңип, бакубат жашоого жетишкен. Бирдиктүү болгондо гана мамлекеттүүлүктү жана эгемендүүлүктү сактай алабыз!

Кымбаттуу мекендештер!

Биздин максат - жашоого жана инвестицияларга ыңгайлуу, күчтүү жана эгемендүү Кыргызстанды куруу. Улутуна, динине жараша бөлүүгө жол бербеген, ар бир жаран тең укук камсыздаган, эркин жана коопсуз өлкөнү куруу. Мындай бийик максаттарга жетүүдө биз өз күчүбүзгө, карапайым жарандарга, жергиликтүү жамааттарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гана таянабыз. Биргелешсек алдыга койгон максаттарга сөзсүз жетебиз.

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздер мамлекеттин жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн бардык күч-аракетиңерди жумшап эмгектенесиңер деп терең ишенем. Биз сиздерге чоң үмүт артып, айылдарды жана чакан шаарларды жакшыртууга, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого чакырабыз. Сиздерди дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайм, бардыгыңарга чың ден соолук, ишиңерге ийгилик каалайм.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                             Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 25-октябрь