Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын түндүк-чыгышындагы жаңы жолдун, Аламүдүн дарыясы аркылуу көпүрөнүн ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 26-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын түндүк-чыгышындагы жаңы жолдун жана шаардын чыгышы менен батышын бириктирген Аламүдүн дарыясы аркылуу Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөнүн ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бүгүн Бишкек шаарынын бийлиги республикалык бюджеттен каржылоо тартыш болгонуна карабастан, жолдорду реконструкциялоо жана борбордун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча  көп күч-аракет жумшап жатканын айтты.

Президент ошондой эле инфраструктуралык объекттердин ачылышына өлкөдө жасалып жаткан иштерди көрсөтүш үчүн катыша баштаганын белгиледи. “Өлкөбүздө болуп жаткан жакшы иштерди  көргүсү келбеген айрым  адамдар бар. Салыштырып көрсөңөр, 2005-жылдан 2009-жылга чейин Бишкекте 18 чакырым жол  салынып, реконструкцияланган. Ал эми 2010-2013-жылдардын аралыгында  118 чакырым жол  салынган. Эгерде 2007-2009-жылдары борбордо 32 подстанция орнотулса, 2010-2012-жылдары 97 подстанция орнотулду. 2013-жылы дагы 32 подстанция  орнотулат”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолдун жаңы бөлүгүн карап чыгып, Мамлекет башчысы жалпысынан курулуштун сапатына канаттангандыгын айтты. Ошол эле мезгилде, жолго жакынкы инфраструктураны жасоодогу кемчиликтерди белгилеп, тиешелүү уюмдарга көпүрөнүн тротуарын кеңейтүү боюнча иштерди аягына чейин чыгарууга милдеттендирди.

Маалымат үчүн: Аалы Токомбаев көчөсүнүн реконструкциясы 2013-жылдын апрелинде башталган. Жолдун узундугу 4 чакырым: Байтик Баатыр көчөсүнөн 12-кичирайонуна чейин - 3,2 чакырым, жана 12-кичирайондон Шабдан-Баатыр көчөсүнө чейин - 1 чакырым.

Жалпысынан аталган объекттин курулушуна 245,5 млн.сом сарпталган:

- түндүк-чыгыш турак жай районуна жол (Шабдан-Баатыр көчөсү менен 12-кичирайонду бириктиррген көпүрөнүн курулушу менен) 69,5 млн.сомов;

- Байтик-Баатыр көчөсүнөн 12-кичирайонго чейинки А. Токомбаев көчөсү - 176 млн.сом.

 

2013-жыл 26-октябрь