Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев коргоо Кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 28-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн коргоо Кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды.

Жолугушууда коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү маселеси карала турган 4-ноябрдагы коргоо Кеңешинин жыйынына даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү маселесин бир гана укук коргоо органдарынын аракеттери менен чечүү мүмкүн эмес экендигин баса белгиледи.

“Мамлекеттик органдардын жана кызматтагы адамдардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын терең талдоонун негизинде коррупциялык схемаларды жок кылыш керек. Мыйзамдарда жана мамлекеттик кызматты уюштурууда керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө басым жасалышы  керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге, ушул ишке жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кеңири  тартуунун маанисин баса белгиледи.

 

2013-жыл 28-октябрь