Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппараты: Т.Акундун божомолу акылга сыйбайт, жеке таарынычтарына негизделген

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү  Турсунбек Акундун  бүгүн жарыя кылган “А. Батукаевди бошотуунун башында президент турушу мүмкүн” деген  божомолу акылга сыйбайт, балким жеке таарынычтарына негизделген деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаевди, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы  болуп иштеп жаткан Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевди дагы бул чатакка аралаштыруу боюнча анын  бир канча жолку аракети дагы ушул сыяктуу баага татыктуу.

Кыргыз Республикасынын Президенти  аталган ишти  дыкаттык менен  терең иликтөө зарылчылыгы тууралуу буга чейин  билдирген. Бул маселе боюнча  жыйынтыктарды укук коргоо  органдары чыгарууга  тийиш.

 

2013-жыл 29-октябрь