Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 30-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өткөн салтанаттуу аземде мурда Мамлекет башчысынын жарлыктары менен дайындалган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Токон Мамытов, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев ант беришти.

Ант берүү аземине ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев катышты.

2013-жыл 30-октябрь