Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2013-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт

4-ноябрда «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу жана бийлик органдарында саясый жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар тууралуу»  маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйыны өткөрүлөт. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын жетекчилеринин маалыматы угулат.

Жыйында коомдук турмушундагы бул терс  көрүнүшкө комплекстүү мамиле жасоо маселеси каралып, эң оболу саясый жана системалуу коррупцияга, анын  ар бир түзүмдүк бөлүгүнө каршы  күрөшүүнүн тиешелүү ыкмалары  иштелип чыгат.

Азыркы этапта эң оболу мамлекетик антикорупциялык саясатты саясый жана системалуу коррупцияга көмөктөшкөн, ошондой эле, турмуш-тиричиликтеги коррупциянын кеңири таркалышынын себептерин жана шарттарын талдоого багыттап, бул чөйрөдөгү мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жол бербөө боюнча  тиешелүү чечим кабыл алуу  болжолдонууда.

2013-жыл 30-октябрь