Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев чет мамлекеттердин бир катар Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 30-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Индия Республикасынын, Катар Мамлекетинин, Франция Республикасынын, Бразилия Федеративтүү Республикасынын, Монголиянын, Бельгия Королдугунун, Словакия Республикасынын, Финляндия Республикасынын, Грузиянын Элчилеринен жана Европа Союзунун Өкүлчүлүгүнүн Башчысынан Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Мамлекет башчысы дипломаттарды Кыргызстандагы өлкөлөрүнүн Элчилери катары расмий миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан саясый өз ара кызматташууну мындан ары активдештирүүгө, ар тараптуу, биринчи кезекте соода-экономика жана инвестиция тармактарындагы, салттуу конструктивдуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыктар экенин белгиледи.

“Сиздердин өлкөлөр менен биздин мамилелер жаңы деңгээлге чыгат деп ишенем. Экономикада биргелешкен ири долборлорду ишке ашырабыз  деген үмүттөбүз”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларына кайрылып, Алмазбек Атамбаев Кыргызстан демократияны өнүктүрүү жолунда бара жаткандыгын  жана белгиленген жолдон тайбастыгын  белгиледи.

Президент катышып жаткан дипломатиялык миссиялардын башчыларына Кыргызстанда жемиштүү жана кызыктуу иш каалап, алардын өлкөлөрүнүн башчылары Кыргызстанга келечекте сапар менен келэрине үмүттөнгөнүн айтты. “Кыргыз дипломаттары сиздерге бардык керектүү жардамынын көрсөтөт деп ишендирип кетем”,- деп сөзүн аяктады Алмазбек Атамбаев.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Ишеним грамоталарын тапшырды:

1. Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жайант Н. Кхобрагаде;

2. Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мухаммад Бин Ирар Умейр Аррамзани Аль-Нуэйми;

3. Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Стефан Катта;

4. Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүктүн Башчысы Чезаре де Монтис;

 5. Бразилия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Деметрио Буэно Карвальо;

6. Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жагирын Сухээ;

7. Бельгия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мишель Петерманс;

8. Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Петер Юза;

 9. Финляндия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Илкка Унто Калерво Райсанен;

10. Грузиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Патарадзе Зураб Ревазович.

2013-жыл 30-октябрь