Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 1-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Өзгөчө  ыраазычылыгымды ардагерлерибизге билдирем. Эң татаал учурларда кыйынчылыктардын, тоскоолдуктардын алдында баш ийбей өз милдетиңерди татыктуу аткардыңар - кылмыштуулукка  каршы күрөш жүргүзүп, муктаж болгон ар бир адамдан жардамыңарды аяган жоксуңар.

Кылган эмгегиңердин акыбети кайтып, совет доорунда карапайым эл арасында милиция кызматкерлери чоң кадыр-баркка жана урматка ээ болгон. Азыркы күндө деле Сиздер четте калбай жаштарыбыз үчүн үлгү болуп, аларга жакшы таалим берип жатасыздар.

Милиция кызматкерлери оңой эмес шарттарда иштеп жатканын билип турам. Ишиңерде, жашооңордо көп жылдар бою чечилбей келген көйгөйлөр аз эмес. Буюрса, жакынкы жылдары мындай кырдаалды өзгөртөбүз. Милиция кызматкерлеринин айлык акысы кыйла жогорулайт. Алар үчүн турак-жайлар курула  баштайт. Укук коргоо органдарын материалдык-техникалык камсыздоо үчүн бюджеттен чоң каражат бөлүнөт.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринен дагы көп нерсени күтөбүз. Эң башкысы – өз милдетиңерди так жана таза  аткарып, элдин ишенимине ээ болушуңар керек. Мамлекеттеги туруктуулук, элдин келечеги, элдин бийликке болгон ишеними сиздердин ишиңерге көз каранды.

Урматтуу ички иштер органдарынынкызматкерлери жана ардагерлери!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңерге ийгилик, Кыргызстаныбызга тынчтык жана бейпилдик каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                      Алмазбек Атамбаев

2013-жыл 1-ноябрь