Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 1-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы - Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу маданият кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Кылым карыткан кыргыз эли бай, кайталангыс маданиятты жараткан. Ата-бабаларыбыз көчмөн турмуштун шартында көптөгөн татаал сыноолорду баштан кечирип, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын саймалуу таштардын бетинде гана эмес, улуу “Манас” эпосу аркылуу да бизге баасыз мурас катары табышташты.

Бүгүнкү күндө маданият коомдун өнүгүүсүнүн негизине айланганы шексиз. Ошондуктан ар бирибиз, мамлекет маданиятка болгон мамилесин өзгөртүүсү зарыл. Өз мекенибизди, тилибизди, дилибизди, тарыхыбызды, маданиятыбызды баалап, ардактоого милдеттүүбүз.

Урматтуу достор!

Жакынкы жылдары мамлекет сиздердин эмгегиңердин акыбетин толугу менен кайтарат деп, Кыргызстанда искусствону жана маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө бардык шарттар  түзүлөт деп ишенем.

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө  чың ден соолук, бакубат турмуш жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев

2013-жыл 1-ноябрь