Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Премьер-министри Серик Ахметов менен жолугушту

 

Бүгүн, 2013-жылдын 1-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга  расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономиканын ар кандай тармактарындагы жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Премьер-министри Серик Ахметовдун Кыргызстанга расмий сапары жана Өкмөттөр аралык кеңештин 4-жыйыны  өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелердин жана эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын тереңдешине түрткү берээрине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов Кыргызстанга жасаган расмий сапары жакшы натыйжаларды берет деген  ишенимин билдирди. “ Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы менен сүйлөшүүлөрдө жана Өкмөттөр аралык кеңештин ишинин алкагында биз энергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы маселелерди талкуулап, чечебиз деп ишенем”, - деп белгиледи Серик Ахметов.

 

2013-жыл 1-ноябрь