Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстанда коррупционерлер эртеби-кечпи өз жазасын алаарын түшүнүп калды”

Бүгүн, 2013-жылдын 4-ноябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу жана бийлик органдарында саясый жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар тууралуу» маселе каралып жатат.

Баяндамачылар катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Аида Салянова, Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Антикоррупциялык кызматтын директору Бектен Сыдыгалиев сөз сүйлөшөт.

Жыйында Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү.

Президенттин баш сөзүнүн тезистери:

“Урматтуу коллегалар!

Бүгүн Коргоо Кеңештин талкуусуна сунушталган чечимдин долбоору жана аны ишке ашырууга багытталган документтерди даярдоо көп - 9 айдан ашуун убакытты талап кылды. Бул ишке тиешелүү мамлекеттик уюмдар, көптөгөн эксперттер тартылды. Суроо көптөгөн талкууларды жана талаш-тартыштарды жаратты. Көптөгөн сунуштар каралып, документтердин ондогон  варианттары иштелип чыкты. Кээ бир учурларда, бир чечимге келүү кыйынга турду. 

Докладчыларга сөз берерден мурда, эмнеге коррупцияга каршы күрөштө сунушталган жолду тандап алганыбыздын, аны күрөштүн жаңы этабы деп баалаганыбыздын себептерине токтоло кетейин. 

Өткөн жылдын январь айында Коргоо кеңешинин жыйынында швециялык окумуштуу Йохан Энгваллдын Кыргызстандагы коррупцияны баалаган изилдөөсү жөнүндө айткан элем. Ага ылайык акыркы 20 жылда коррупция өлкөбүздүн эң башкы көйгөйүнө гана эмес, “мамлекетти башкаруунун негизги ыкмасына” айланган.

Акыркы жылдары коррупцияга каршы чечкиндүү кадамдар жасалды. Кетирилген кемчиликтерге, тоскоолдуктарга карабастан коррупцияга катуу сокку урулду. Коррупционерлердин, уурулардын далбастап, каршылык көрсөткөнү - мунун ачык далили. Кыргызстанда мындан ары күнөөсү аныкталса, кол тийбес аткаминер болбосун көрсөттүк. Кыргызстанда коррупционерлер эртеби-кечпи өз жазасын алаарын түшүнүп калды.

“Коррупцияны кабылдоо индекси” эл аралык рейтинги  боюнча Кыргызстан бир жылда ордун 10 пунктка жакшыртып, учурда 154-орунду ээлеп турат.

Ошол эле учурда элибиз коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы жакшы натыйжалары улантылбай жатканына нааразы.

Мындай нааразычылыкка негиз бар. Коррупцияга каршы күрөш толук кандуу жүрбөй жатат. Бүгүнкү күндө биз коррупцияны жараткан себептери менен эмес, анын кесепеттери менен күрөшүп жатабыз.

Коррупцияга каршы күрөштүн баштапкы этабынын оң жана терс жактары, ийгиликтери жана кемчиликтери бизди көп нерсеге үйрөттү.

Ошондуктан, менин оюмча, жалпысынан коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы жыйынтыгы жаман эмес. Баштапкы этапта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде Антикоррупциялык кызматтын түзүлгөнү  өзүн толук  актады.

2010-жылдын апрелинен кийин коррупцияга каршы күрөштү баштап жатып, анын канчалык терең тамырлап кеткенин,  ийкемдүү системага айланып калганын, өлкөдөгү уурулуктун масштабдарын толук элестете албаптырбыз.

Бир эле мисал келтирейин. 2008-жылы Кыргызстанда 18,7 млрд. сом бажы төлөмдөрү чогултулган.  2009-жылы ал төлөмдөр азайып, болгону 14,2 млрд. сомду түзгөн. 2010-жылдын апрелинен кийин бажы кызматынын жаңы жетекчилиги сөз эмес, иш жүзүндө коррупцияга каршы күрөшө баштады. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 36 млрд. сомду түзөт деп жатабыз. Ошентип, бажы төлөмдөрү 3,5 жылда 2,5 эсеге өстү, акчалай алганда 22 млрд. сомго көбөйдү.

Билесиңер, учурда көп ызы-чуу жараткан Кумтөрдөн жыл сайын бюджетке 7 млрд сомго жакын акча түшөт. Башкача айтканда, бир гана бажы кызматында тартип орнотуп, үч Кумтөргө барабар экономикалык натыйжага жетиштик!

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Өткөн жылдарда бул көрүнүштү жакшылап талдап, коррупциянын себептерин терең иликтей алдык. Эми биз коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы этабына киришүүгө даярдыгыбыз бар.

Бул этаптын башкы максаты - мамлекеттик бийликтин түзүмдөрүндөгү саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу.

Биз Сингапур, Швеция, Грузия жана башка мамлекеттердин тажрыйбасын изилдедик. Албетте, пайдалуу тажрыйба топтодук. Бирок ал жакта колдонулган ыкмалар Кыргызстандын шартында дал ошондой натыйжа бербеси түшүнүктүү. Ар бир мамлекеттин өзгөчөлүгү бар.

Ошондуктан коррупцияны жокко чыгарган мамлекеттердин тажрыйбасын эске алып, өз жолубузду табышыбыз керек.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, коррупцияга каршы күрөштө күчтүү таасири бар, координация жасаган орган болмоюнча алдыга койгон максаттарга жетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан борбордук бийлик органдарынын жана мамлекеттик башкаруу деңгээлинде коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча координациялоо укуктарын Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши менен анын Катчылыгына ыйгарууну сунуштап жатабыз.

Ошондо гана Коргоо кеңешинин Катчылыгы прокуратура органдарынын жана башка күч түзүмдөрүнүн процессуалдык укуктарына киришпестен, бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздайт. Милдеттердин жана иш-аракеттердин кайталанышына жол бербей, бардык мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөшүн координациялайт.

Бул маселени мыйзамдаштырууга чейин мамлекеттик органдардын жетекчилеринен жана көз карандысыз эксперттерден турган коррупцияга каршы иш-аракеттерди координациялоочу жумушчу топ түзүүнү сунуштайм. Анын жетекчиси катары Коргоо кеңешинин катчысын, орун басарлары катары башкы прокурордун биринчи орун басарын жана Антикоррупциялык кызматтын жетекчисин сунуштайм. 

Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөштөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары катары төмөнкүлөрдү сунуштайм:

Биринчиси – саясий коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү.

Кыргызстанда саясый коррупция бар экендигин моюнга алышыбыз керек. Бизге кайрылган жарандар айрым саясатчылар өз максатына жетиш үчүн эч нерседен баш тартпасын белгилешет. Кеп мамлекеттик чечимдердин кабыл алынышы саясый топтордун жеке кызыкчылыктарынын таасиринде калуу коркунучу тууралуу жүрүп жатат.

Өлкөбүздөгү саясый партиялар капчыгы калың адамдардан, чет өлкөлүк долбоорлордон финансы жагынан  көз каранды болбой, шайлоолорго катышканда чыгымдарын ачык-айкын көрсөтүүгө тийиш.

Тилекке каршы, Акаевдин учурунда калыптанган мамлекеттик кызматтарды жең ичинен сатуу өнөкөтү мамлекеттин кадр тандоо системасына олуттуу зыян келтирди. Үй-бүлөлүк-кландык режимдер кулагандан кийин кызмат ордун сатуу практикасы кыйла азайганы менен,  толугу менен жоюлган жок.  Коррупционерлер саясый партиялар аркылуу кадр жана финансы маселелерин чечүүгө жол таап жатышат.  Мындай көрүнүштөр борбордо да, жер-жерлерде да байкалат.

Ошол себептен мамлекеттик кызматты саясаттан ажыратып, анын кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча  чечкиндүү кадамдар сунушталды.

Менимче, саясый партиялар көрсөткөн талапкерлерди шайлоо аркылуу дайындалуучу жана Конституцияда так чектелген саясый мамлекеттик кызматтарга гана дайындоого  мыйзам жол бериши керек.

Бардык башка учурларда кызматка талапкерлер мыйзам тарабынан белгиленген критерийлердин негизинде, мыйзамга ылайык түзүлгөн кадр резервинен кабыл алынууга тийиш.

Экинчи багыт - системалуу коррупцияны жоюу.

Паракорлор жана опузалап акча өндүргөндөр кармалып,  камакка алынганы менен, коррупциялык схемалар уланып  жатканын эл көрүп турат.

Эксперттер  “сот адилеттигинин” баасы бычылып, укук коргоо органдарынын иши “соодалашуу негизинде” жүрүп калганын белгилеп жатышат. Эл сөз кылып жүргөн “гаишниктердин” пара алуу системасын эмне деп атасак болот?

Бөлөк уюмдардын дарегине деле ушундай суроолорду жолдосок болот. Окууга баласын акча берип өткөрүп, билимине эмес, ата-энесинин капчыгына жараша баа коюп, жада калса  даяр дипломдорду сатып жүрүп, жогорку билим берүүнүн кадыр-баркын кетирдик. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн болгону 5-10% гана компетенттүү адис катары бааланат. Саламаттык сактоо тармагында деле ушундай эле көрүнүштөр байкалат.

Мунун бардыгы министрликтерде, мамлекеттик уюмдарда коррупцияга каршы күрөшкө кайдыгер мамиле жасалып жаткандыгын кабарлап турат. Коргоо кеңешинин алдында түзүлгөн жумушчу топ мамлекеттик органдардагы жана коррупция күч алган экономиканын секторлорунда  коррупциялык схемаларды аныктап, аларды жоюу боюнча чараларды иштеп чыгууга милдеттүү.

Мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө жөндөмсүз жетекчилер кызматынан кетүүгө тийиш.

Коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабынын үчүнчү багыты -  адам укугунун артыкчылыгын эске алуу менен, мамлекеттин жаран менен болгон мамилелерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү.

Кабыл алынган мыйзамдар жана мыйзам долбоорлору коррупцияга каршы күрөштүн талаптарына жооп берерин  милдеттүү түрдө аныктоо сунушталат. Жаран менен мамлекеттин ортосундагы мамилелердин эрежелери эң жөнөкөй болуусу зарыл. Айрыкча мамлекеттик көзөмөл, текшерүү, айып акы салуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүү, мыйзамдуулукту, коопсуздукту жана укук тартибин сактоо тармактарында.

Коррупцияга каршы күрөштө жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга милдеттүүбүз. Өлкөдө  коррупцияга жапырт каршы туруу маанайын калыптандырууга тийишпиз.

Урматтуу Коргоо кеңешинин мүчөлөрү!

Бизде бай болом дегендер мамлекеттик кызматка эмес, бизнеске баргыдай кылуу керек. Ишкердикке колдоо көрсөтүп, мамлекеттик кызматка караганда бизнестин артыкчылыгын жогорулатуу зарыл.  Бул коррупцияга каршы күрөшкө түздөн-түз байланыштуу.

Өкмөт бизнес-коомчулук менен бирдикте мамлекеттин ишкердик чөйрөсүнө кийлигишүүсүн  кыскартуу  боюнча кошумча  чараларды  иштеп чыгууга тийиш. Башкача айтканда, текшерүүлөрдүн жана текшерүүчүлөрдүн санын азайтып, ишкерлерге тоскоолдук кылбаш керек. Өз алдынча иш баштайм дегендерге ар тараптан көмөктөшүп, кредит, лизинг алууга жардамдашуу зарыл.

Урматтуу мекендештер!

Коррупцияга каршы чечкиндүү кадамга барбасак, бул багытта биргелешип ырааттуу иш жүргүзбөсөк, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына жетүү мүмкүн эмес.

Азыркы тапта коррупцияга каршы күрөшүү өлкөбүздүн приоритеттеринин бири. Мен үчүн дагы, Президент катары, бул негизги милдеттеримдин бири. Бийликтин күчү – элдин ишениминде. Ал эми элдин ишенимине ууруларга, коррупцияга каршы аеосуз күрөшүп гана жетише алабыз!

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат”.

 

2013-жыл 4-ноябрь