Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 2013-жылдын 4-ноябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу жана бийлик органдарында саясый жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар тууралуу» маселеси каралды.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Аида Салянованын, Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариевдин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – КР УКМКнын Антикоррупциялык кызматтын директору Бектен Сыдыгалиевдин баяндамалары  угулду.

Талкуу иретинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асилбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы Анарбек Калматов жана депутаттык фракциялардын лидерлери сөз сүйлөштү.

Жыйындын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечиминин долбоору айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен бекитилди.

2013-жыл 4-ноябрь