Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!

Эгемендик жылдарында биздин өлкө татаал жолду басып өттү. Бул жолдо тапканыбыздан жоготконубуз көп болду. Бирок кыйынчылыктар жана сыноолор бизди чыйралтты, күчтүү кылды. Сиздер - “төртүнчү бийликтин” өкүлдөрү, татаал жолдун түйшүгүн элибиз менен тең бөлүшүп, чыныгы күчкө айланып, бүгүнкү күндө жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калдыңар.

Мен үчүн сөз эркиндиги – биринчи ирет - адамдар. Эң татаал учурда чындыкты айтуудан тайманбай, ак жүрөгүнө, абийир сотуна жараша жашап келишкендер. Геннадий Павлюк, Сыргак Абдылдаев жана башка көптөгөн жарандарыбыз эркиндикти, адилеттикти көздөп, Мекени жана анын келечеги үчүн күрөшкөн. Алардын кылган эмгеги бардыгыбызга бүгүнкү күндө эркин Кыргызстанда жашоого шарт түздү.

Урматтуу достор!

Айтылган сөз үчүн токмоктоп, түрмөгө отургузуп, чындык сүйлөгөндөрдүн көзүн тазалаган учурлар баштан өттү. Мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына эч качан жол бербөөгө милдеттүүбүз. Сөз эркиндигибизди сактап, керек болсо коргоп калуубуз зарыл.

Бирок, айрымдар эркиндикти жоопкерсиздик катары түшүнүшөт. “Биз айткан сөздүн арты кандай болоорун биле албайбыз...”, - деп жарым кылым мурда орус акыны Федор Тютчев жазган экен. Акындын бул сөздөрүнүн бүгүн да мааниси чоң. Сөз дартка даба боло алат, а бирок кайратты сындырып да коюшу ыктымал. Сөз менен адамды кордоп, кемсинтип койсо болот. Сөз атылган ок болуп калышы мүмкүн. Айтылган сөз үчүн жоопкерчиликти сезип жүрсөк.  Мекенибиз үчүн бардыгыбыз жоопкер экендигибизди биле жүрсөк. Ошондо гана биз туруктуулукту, тынчтыкты жана биримдикти сактап кала алабыз! Ошондо гана эркин, күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз!

Урматтуу достор!

Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Бардыгыңарга чың ден соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                 Алмазбек Атамбаев

 

2013-жыл 6-ноябрь