Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев мекендештерибизди Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 6-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын  күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Бардыгыңыздарды Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын  күнү менен куттуктайм!

 1917-жылдын октябрындагы окуялар бир мамлекеттин тагдырын гана өзгөртпөстөн, дүйнөлүк тарыхтын  жүрүшүнө дагы таасирин тийгизди. Кыргыз элинин турмушундагы бурулуш окуяга айланды. Албетте, катачылыктар, аша чабуулар болгон. Бирок эң негизгиси – Кыргызстан совет доорунда коомдук, социалдык-экономикалык өнүгүүдө зор кадамдарды жасады. Советтер Союзунун курамында болгон учурунда - 74 жылда Кыргызстан кылымдарга тете жолду басып өттү.

Кыргызстан үчүн ал заман – жаратмандыктын мезгили, аталарыбыздын басып өткөн даңктуу жолу болуп калды.

Эгемендиктин алгачкы 22 жылында биз өз тажрыйбабыздан улам өнүгүү жолу канчалык татаал болоорун түшүндүк. Бүгүн биз эркин, күчтүү жана гүлдөгөн мамлекет курууну максат кылып турабыз. Мына ушул максатка жетүү үчүн тарыхыбызга, басып өткөн жолубузга аяр мамиле жасоого милдеттүүбүз.

 Урматтуу мекендештер!

Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү менен  куттуктайм. Бардыгыңыздарга тынчтык жана ынтымак, бакыт-таалай жана  бакубат турмуш каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                        АлмазбекАтамбаев

2013-жыл 6-ноябрь