Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Халил Акынжыны кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 8-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Халил Акынжыны кабыл алды.

Жолугушууда ТМКК ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы түрк кызматташтыгы бардык багыттар боюнча кыйла жанданып, сапатынын арттырууга, түрк элдеринин маданий, гуманитардык жана экономикалык кызматташуу боюнча  интеграцияга Кыргызстан зор маани берээрин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ТМКК Катчылыгына Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган Ысык-Көл форумун өткөрүү  боюнча демилгени колдогондугу үчүн ыраазычылык айтып, бул иш чарага Катчылык жигердүү катышаарына  ишенимин билдирди.  

Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаров  дагы катышты.

2013-жыл 8-ноябрь