Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев илим кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 8-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев окумуштууларды жана илим кызматкерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу окумуштуулар, илимий ишмерлер!

Сиздерди Илим күнү менен куттуктайм! Учурда Кыргызстан олуттуу өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун босогосунда турат. Элибиз ынтымакты, эмгекти самап турат. Быйылтан баштап Кыргызстанда бир топ ири долбоорлорду ишке ашыра баштадык. Илим жана жаңы технологиялар дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн тез өнүгүп кетишине себеп болгондугун эске алып, бул долбоорлордун жүзөгө ашырылышына сиздердин дагы салымыңыздар зор болот деп ишенем.

Совет доорунда Кыргызстанда мыкты илимий мектептер  калыптанды. 74 жылдын аралыгында көптөгөн окумуштуулар тарбияланып, илимге өзүнүн олуттуу салымын кошушту.

Илимий ишмердиктин табияты адамдарды бириктирип, өнүгүүгө жол ачаарын кыргыз илиминин тарыхы ачык далилдеди. Илимде сен кайсы тилде сүйлөгөнүң же жазганың эмес, илимге  кошкон салымың, Мекениң үчүн кылган эмгегиң маанилүү.

Биргелешип Кыргызстанды өзгөртө турган мезгил келди. Биргелешип эркин, гүлдөгөн жана адилеттүү мамлекет курууга милдеттүүбүз. Жаркын келечекке: илимге, маданиятка, искусствого умтулган, окумуштууларды, илимий ишмерлерди, карапайым күжүрмөн адамды негизги байлык деп тааныган коомду курууга тийишпиз.

Дагы бир ирет кесиптик майрамыңыздар  - Илим күнү менен куттуктайм! Улуу муундун мурасын сактап, илимий чөйрөдөгү жакшы салттарды улап, өзүңөрдүн күч-аракетиңерди элибиздин  жана  Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгына багыттайсыңар деп терең ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                              Алмазбек Атамбаев”

2013-жыл 8-ноябрь