Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин басма сөз-катчысы Кадыр Токтогулов: “Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев парламенттик фракциялардын лидерлери менен болгон жолугушууда «Кумтөр» маселесин саясатташтырбай, салкын кандуу мамиле кылууга чакырды”

Бүгүн парламенттин башкаруучу коалициясынын лидерлери менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кумтөр» долбоору боюнча «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан өкмөттүн позициясын эске алуу менен калыс чечим чыгарууга чакырды.

Президент биротоло чечимди чыгаруу үчүн КР өкмөтү менен «Центерра» компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүү керектигин белгиледи. Анын үстүнө сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт кыргыз тараптын позициясын кыйла жакшыртууга жетишкен.

Президент ошондой эле Кумтөр боюнча маселенин ашкере саясатташып кетүүсү өлкөдө стабилдүүлүктү сакташ үчүн экономикалык коркунучтарга карабастан балким Кумтөрдү улутташтыруу боюнча чечим кабыл алууга аргасыз кылган абалга алып келиши мүмкүндүгүн белгиледи.

 

2013-жыл 12-ноябрь